www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-февралда Ош шаарынын борбордук аянтында жүздөгөн адам катышкан акция өтүп жатат. Чогулгандар Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдоп, аны абактан чыгарууну талап кылган ураандар айтышууда.

Митингде бейөкмөт уюмдардын, «Азаттык» радиосунун ишмердүүлүгүнө каршы пикирлер айтылып жатат.

Митингге келген Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Мирлан Бакиров да өз оюн билдирди.

«Биз укуктук өлкөдө жашайбыз. Кыргызстандын Баш мыйзамы боюнча ар бир жаран өз оюн, пикрин ачык айтууга укуктуу. Ошондой эле бардык жерде калыстык болуш керек. Азаттык болобу же юашка маалымат каражаттары болобу маалыматтарды жазсын, изилдесин. Бирок, алар калп, булганган, терс маалыматтарды жазып чыгууда», - деп белгиледи.

Белгилей кетсек, Мирлан Бакиров өз сөзүндө 700 миллион долларга Матраимовдун эч кандай тиешеси жок экени аныкталганын кошумчалады.

Эске сала кетсек, кыргыздын чыгаан уулу Райымбек Матраимовду колдоо иретинде бүгүн, 28-февралда Ош шаарында саат 12:00до мөөнөтсүз тынчтык митинги 15 миңден ашуун жарандардын катышуусунда болуп өттү.

Митингдин негизги талаптары сот жана укук коргоо органдарынын акыйкаттуулугу ошондой эле «Азаттык» үн алгысынын бир тараптуу каралоосу өлкөнүн стабилдүүлүгүнө коркунуч жараткан чагымчылдыгын токтотууну талап коюлду. Жыйынтыгында атайын резалюция кабыл алынып, калдайган калк Райымбек Матраимовго ак батасын берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости