www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги “Народный” дүкөнүн тоноду деген шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 14-январь күнү кечинде болжол менен саат 18:45те “102” кызматына, “Асанбай” кичи районундагы “Народный” дүкөнүнүн биринде каракчылык болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Дароо, окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барганда, бет кап тагынган белгисиз жаран дүкөнгө кирип келип, асманга ок атып кассадагы 30 миң сом акчаны карактап кеткени белгилүү болгон.
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки тергөө иши башталган.
Бул кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Э.И. аттуу жаран кармалып, аны тинтүүгө алышкан. Тинтүү маалында, анда акча каражаттары, ок атуучу курал (16 калибрдеги 9 патрону бар), кара бет кап, 1 булгаары, 1 резина кол кап жана 2 бычак табылган.
Шектүү катары кармалган жаран, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Эгерде сүрөттөгү шектүү жарандардан жабыркагандар болсо 0(703) 060-508, 0(704) 150-066 ушул номерлерине кайрылсаңыздар болот.
Булак: NazarNews.kg