www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Оппозициялык партиянын башчысы кармалды

Грузияда атайын күчтөр оппозициялык «Бириккен Улуттук Кыймыл» партиясынын кеңсесинде көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, анын төрагасы Ника Мелияны кармап кетти. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматта кеңсенин жанына көптөгөн тез жардам жана патрулдук милиция бригадалары топтолуп, атайын отряд Мелия жаткан бөлмөгө кирип келип, аны кармашкан. Мелия экс-президент Михаил Саакашвилинин эң ири оппозициялык «Бириккен Улуттук Кыймыл» партиясынын төрагасы болгон. Ал 2019-жылы жайында Тбилисиде бийликке кол салган деп айыпталууда. Бирок, Мелия өзүн күнөөсүз деп эсептейт. Үстүбүздөгү жылдын 17-февралында соттун камакка алуу буйругунан кийин Мелия партиянын кеңсесинде өзүн камап, башка оппозиция өкүлдөрү аны кайтарышкан.

Эске салсак, бейшемби күнү Грузиянын премьер-министри Георгий Гахария Мелия боюнча команда менен пикир келишпестиктен улам кызматтан кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости