www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдыга гана умтулуңуз. «Уйкум канбады» деп арызданбаңыз, алдыда түбөлүк уйку күтүп турганы эсиңизде болсун! Мындай пикирин белгилүү ырчы Неля Нуркулова өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

«Үйүңүздө күлүп жүргөндү үйрөнүңүз. Балдарыңызды көбүрөөк жакшы көрүңүз, кучактаңыз. Өмүр керемет! Алдыга гана умтулуңуз. «Уйкум канбады» деп арызданбаңыз, алдыда түбөлүк уйку күтүп турганы эсиңизде болсун! Бактылуу адам болгуңуз келсе, өткөндү аңтара бербеңиз. Сөөгү жок балык болбогон сыяктуу, кемчилиги жок адам болбойт, эсиңизде болсун. Баалай билбегенге бак конбойт, кубана билбегенге кут конбойт. Кечээги күнгө өкүнүч менен, бүгүнкү күнгө максат менен, эртеңки күнгө ишенич менен кароо керек. Алдыга максат коюңуз. Ошол максатка жетүү үчүн эринбей эмгектениңиз.

Үч нерсе кайтып келбейт: убакыт, сөз, мүмкүнчүлүк. Ошондуктан, убакытты жоготпоңуз, абайлап сүйлөңүз, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз. Адам – өз оюнун жемиши. Эмне ойлосоң ошол болот. Өмүр сүрүү - сизге берилген белек. А бактылуу болуу - сиздин тандооңуз. Бактылуу өмүр жок - бактылуу күндөр гана бар. Алга умтулуу - өмүрдөгү максатыңыз болсун. Бакыт - бир күн сөзсүз келерин унутпаңыз. Бактылуу болуңуз!», - деп кошумчалаган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости