www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл Жогорку Кеңештин жүзүн жакшы эле билип калды. Бул чакырылыштагыдай наадан, чыккынчы, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгынан өзүнүн кызыкчылыгын жогору койгон, саткын парламент кыргыз тарыхында дегеле болбосо керек. Анын далили катары төмөндөгү видеону сунуштайбыз.
Анда “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Бахадыр Сулейманов башкы ролдо. Сүйлөсө тимеле тили менен буудай кууруйт. Эптеп эле бирөөнө асылып, атын чыгарганды жакшы көрөт. Тасмада ачык эле көрүнүп тургандай бул депутат жыйында жок өзүнүн кесиптештеринин ордуна добушту шыкылдатып берип жатат. Ага мындай укукту ким берген? Анда буга чейин парламентте кабыл алынган бардык мыйзам долбоорлордун мыйзамдуулугуна шек жаралбайбы? Деги Жогорку Кеңештеги “беспределди” ким тыят ыя? Спикер Дастан Жумабеков буларга окшогон “шустрыйларга” эскертүү бере албайбы?
Булак: NazarNews.kg