www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мүмкүнчүлүгү бар аткаминер жана бизнесмендер көбүрөөк салык төлөшү керек”.

Депутат Төрөбай Зулпукаров мындай сунушун Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин бүгүн, 28-октябрдагы жыйынында айтты. Эл өкүлү бирок мунун жалпы элге тиешеси жок болушу зарыл экенин белгиледи.

- “Ашкере байлыкка" салык деген бар. Ошону сиздер күчөтүңүздөр. Мүмкүнчүлүгү бар чиновник жана бизнесмен көбүрөөк салык төлөшү керек. Бирок жалпы элге жайылтылбагандай болушу абзел. Муну эске алыңыздар”, - деп сунуш кылды Зулпукаров.

Депутат андан кийин күйүүчү майды чек арадан ташып өтүүдө мыйзамдагы жылчыктардын кесепетинен бюджетке миллиард сомдон ашык акча түшпөй калганын, муну чечүү боюнча кандай аракеттер жүрүп жатканын сурады. Экономика министри Санжар Мукамбетов аталган маселени чечүү үчүн күйүүчү майларды темир жол аркылуу ташуу жана күйүүчү май куйган жайларды автоматташтыруу системасына өткөрүү аракеттери жүрүп жатканын билдирди.

Зулпукаров өкмөт алып келген мыйзам долбоорлорунда көмүскө экономиканы жоюу боюнча сөз болуп, бирок аракет жок болуп жатканын сынга алды. Ал белгилегендей, тигүү тармагында Социалдык фонд боюнча төлөм эки башка. Тактап айтканда, юридикалык жактардын төлөмү 27 пайыз болсо, жеке жактардыкы 12 пайыз. “27 пайызды 12 пайызга түшүрүп койсоңуздар көмүскөдө иштеп жаткан тигүүчүлөр ачыкка чыкмак. Мына ошондо салык төлөөчүлөрдүн, Социалдык фондго төлөөчүлөрдүн саны сөзсүз көбөйөт. Азыр салык төлөөчүлөрдүн саны 134 миң, Соцфондго төлөөчүлөрдүн саны 9 миң. Айырма 125 миң болуп жатат. Бул кадамга коркпой эле барыш керек”, - деди Зулпукаров. Ошону менен бирге депутат унаалардын терезесин караңгылатууга өкмөт уруксат берип, киреше булагын жогорулатса боло турганын сунуш кылды.

Андан кийин жумушсуздукту жоюу боюнча кандай аракеттер көрүлүп жатканын сурады. Өкмөт кийинки жылы жумушка жарактуулардын саны 70 миңге толукталарын, 80 миң жумушчу орун түзүү пландалып жатканын маалымдады.

Зулпукаров жумушсуздуктун саны көп болуп жатканын, анын санын кыскартуу үчүн 2020-жылы канча завод-фабрика ачыла турганын жана канча кайракы жер сугат жерге өздөштүрүлө турганын сурады. Экономика министринин маалыматына караганда, кийинки жылы жумушчу орун үчүн 46 объект ачылат жана анын көпчүлүк пайызы кайра иштетүү тармагы.

Зулпукаров сөзүн жыйынтыктап жатып өз аракети менен тигүү тармагында жумушчу орун түзүп жаткан ишкерлерге өкмөт тарабынан тоскоолдуктар болуп жатканын айтты.

“Байкап жатасыздарбы, тигүү тармагы коңшу мамлекетке көчүп кетип жатат. Алдын алуу үчүн эмне иш кылып жатасыздар? Ошол жердеги саясатка өзгөчө көңүл буруп койсоңуздар. 2019-жылы Бишкектин четинде жеке ишкерлердин аракети менен 1-2 тигүү цехи ачылды. Бирок ачылышы өтө кыйынчылык жаратты. Ачылганга келгенде өкмөт лентаны кыркып туруп “биз ачтык” деп баатыр болуп жатасыңар. Ошол жигиттер азыр Кызыл-Кыяда иштебей жаткан бут кийим чыгарган заводду сурап жатышат. 2000 орундуу тигүү цехи болот. Бирок сиздер тараптан бир жардам болгон жок, тескерисинче, бут тосуп жатасыңар. Өзүңөргө чакырып алып, эмне жардам керек деп сурап койсоңуздар”, - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости