www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Британиянын Эссекс графтыгында оор жүк тарткан унаада табылган 39 кишинин сөөгү боюнча иликтөө жүрүүдө. Айрым маалыматтарга караганда, каза тапкандар арасында Вьетнам жарандары дагы болушу мүмкүн. Анткени, Вьетнам жарандары жакындары дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылып жатышат.
Вьетнам полициясы сөөктөрдүн кимге таандык экенин аныктоо үчүн жакындарынан ДНК анализдерин алууга киришти. Иликтөөнүн жүрүшүндө үч киши кармалып, күрөөгө бошотулду. Алардын арасында Станстед аэропортунда кармалган Түндүк Ирландия жараны бар. Ошондой эле Англиянын Уоррингтон шаарынан жүк тарткан унаанын кожоюну болгон жубайларды кармашты.
Аларды атайын ниет менен жасалбаган адам өлтүрүү жана кишилерди сатуу беренеси менен дагы айыптап жатышат. 25 жаштагы айдоочу Мо Робинсонго дагы атайын ниет менен жасалбаган адам өлтүрүү, аткезчилик, акчаны адалдоо сыяктуу айыптоолор тагылды. Аны Челмсфорд шаарындагы сотко алып келишет.
Эске салсак, Британ полициясы өткөн аптада оор жүк тарткан унаадан 39 кишинин сөөгүн тапкан. Алардын сегизи аял экени белгилүү болду. Алар кытай жарандары деп айтылып жаткан. Полициянын айтымында, бул унаа аткезчилик жол менен жүзгө чейинки кишини чек арадан мыйзамсыз алып өткөн үч фуранын бирөөсү болушу мүмкүн. Учурда фурадан табылган сөөктөрдү аныктоо иштери жүрүүдө. Судмедэксперттер алардын жанында бир дагы документ болбогонун билдирди. Ошондуктан экспертиза бармак издери, татуировка, тырык жана башка өзгөчөлүктөрүн карап жатат.
Каза тапкандар арасында Вьетнам жарандары болушу мүмкүн. Алардын жакындары журналисттер менен өздөрү байланышка чыгып, жүк тарткан унаада туруп алып жазган билдирүүлөрүн көрсөтүшкөн. "Апа, ата! Менин башка өлкөгө сапарым ийгиликсиз бүттү, өкүнүчтүү. Менин демим кыстыгып, өлүп баратам. Мен силерди абдан жакшы көрөм", -деп жазган 26 жаштагы Фам Тхи Ча Ми. Кыздын агасы Би-Би-Сиге берген маегинде карындашы Британияга барыш үчүн 30 миң фунт төлөп бергенин айткан. Дагы бир вьетнамдык 19 жаштагы Буй Тхи Ньгундун жакындары дагы кызы 39 кишинин арасында болуп калышы мүмкүн деген чочулоосун билдирген.
Вьетнамдык басылмалар болжолу 20 жергиликтүү тургун жакындары дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылганы тууралуу жазып чыкты. Британияда жашаган вьетнамдыктардын VietHome сайты жыйырмадай кишинин сүрөтүн британ полициясына өткөрүп бергенин кабарлады. Лондондогу Вьетнам элчилиги британ бийлиги менен байланышта болуп, кырдаалдын өнүгүшүнө байкоо салып турганын айтты.
Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg