www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурунку депутат, экс-вице-спикер NazarNews.kg агенттигине бир жыныстуу нике тууралуу өз оюн айтып берди. Анын пикири боюнча, биз батыштын мына ушундай жаман жактарын эмес, жакшы жактарын үлгү кылышыбыз керек.
Экс-депутаттын айткандары төмөндө толугу менен:
“Урматтуу мекендештер! Мени бир маселе кызыктырып жатат. Менин оюмча ал маселеге көңүл буруу керек.
2018-жылы өлкөбүздө 11 адам жынысын өзгөрткөн. Мен муну жаратылыш менен адамзат тарыхынын ортосундагы талаш-тартыш катары кабыл алам. Бул маселеге мамлекеттик деңгээлде тыюу салуу керек. Себеби, бул келечекте коомдогу чоң талаш-тартышка алып келиши мүмкүн. Бул маселеде биз көйгөй көрбөй калдык. Алар азыр коомчулукка ачык чыгып, плакаттарды көтөрүп жүрүштөргө чыгуулары бир жыныстуу никелерге алып келип жатат. Бул терс көрүнүштөр ислам, христиан жана башка диндерге да каршы келет. Бир жыныстуу никеде кантип бала төрөлөт? Алар кантип баланы асырап алышат? Бала алардын кайсы бирин апа же ата деп айтат?
Европа өлкөлөрүндөгү антибиологиялык жана адамзатка каршы көрүнүштөргө багыттоо мүмкүн эмес да. Бүгүнкү күндө алар дагы бир бүтүмгө келе элек. Ошондуктан, биздин балдарыбыздын келечеги үчүн, адеп-ахлак, кыргыз элинин салты үчүн Жогорку Кеңеш бул маселе боюнча мыйзам чыгаруу базасын карап чыгууга милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин астында жынысты өзгөртүүгө макулдук берген атайын комиссия бар. Өкмөт бир колу менен макулдук берип, башка колу менен каршы чыккан убактар болот. Эшек эти тууралуу ызы-чуу эске түшөт. Анда да Кытай Эл Республикасы менен эки тараптык макулдашуу бар деп айтышкан. Ал эми бажы кодекси эшек этин ташып келүүгө жана ташып чыгарууга уруксат берет, ошону менен катар бажы төлөмдөрүнүн наркы да көрсөтүлгөн. Бирок, эшектерди экспорттоонун көлөмү расмий маалыматтардагыдан 6-7 эсе ашып кеткен”, -дейт Жогорку Кеңештин үчүнчү-төртүнчү чакырылышынын депутаты, вице-спикери Кубанычбек Исабеков.
Булак: NazarNews.kg