www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көп курч сөздөрдү сатириктин жардамысыз эле өзү ойлоп тапкан, куудулдугу менен элине жаккан Абдылда Иманкулов кайда жүрөт дебейсиздерби?

Чийки мыйзамы аркылуу куудулдардын мээсин чаккан, айласы кеткенде сүйлөй албай качкан Мискенбаевдин оозун жапкан сүйкүмдүү куудулубуз гастролдон жаңы гана келди. Анан дароо Спорт сарайынан концерт берди.

Абдылданын концертин көрүп олтуруп, каткырыктан көздү жашка толтуруп, бул куудул шайырлардын кеч башында экенин байкадык. Башка куудулдар да ушинтип изденбейби деп баш чайкадык. Азырынча, Абдыке сага чыгармачылык ийгилик болсун деп айталык! Жакында кеңири баарлашып, окурмандарга сенден базарлык алып кайталык.

Булак: “Майдан.кж”

Последние новости