www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Европа Биримдиги менен бирге коррупциянын алдын алуу жана каршы туруу чараларын күчөтүү боюнча жаңы долбоорун баштады.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Европа Биримдиги менен бирге коррупциянын алдын алуу жана каршы туруу чараларын күчөтүү боюнча жаңы долбоорун баштады. Аталган долбоор коррупцияга каршы күрөшүү ыкмаларын толуктап, жаңы стандарттар менен иш алып бараары айтылууда.

Би-Би-Си "Трансперенси интернейшнл" уюмунун Кыргызстандагы улуттук бөлүмүнүн жетекчиси Адылбек Шаршенбаевге кайрылып, коррупция боюнча соңку изилдөөлөрдүн көрсөткүчтөрү кандай деп сурады.

А. Шаршенбаев: Эгер Кыргызстан боюнча айтсак эки глобалдык изилдөөлөрүбүз жүргөн. Биринчиси, коррупцияга көз караш көрсөткүчү индекси. Экинчиси, дүйнөлүк коррупция барометри. Биздин көрсөткүчтөрүбүз абдан эле жаман болуп жатат. Мисалы, коррупцияга көз караш индексинде болгон жүз баллдан жыйырма сегиз гана балл алдык, бул биздин экстремалдык коррупцияда турганыбызды билдирет.

Ал эми дүйнөлүк коррупция барометри изилдөөсүндө, мамлекеттик кайсы мекеме же бейөкмөт уюмдарды эң коррупциялашкан деп ойлойсуңар дегенде биринчи орунга сот системасы, укук коргоо органдары, чиновниктер чыгып жатат.

Би-Би-Си: Күрөш күчөдү деп жылдан жылга айтылып келе жатат, коррупция фактылары азайдыбы?

А. Шаршенбаев: Эгер көлөмү боюнча сүйлөшсөк жооп бериш абдан кыйын. Анткени коррупция көмүскөдө жүрө турган көрүнүш болгондуктан так көлөмүн баалаш өтө кыйын. Ошондуктан биздин уюмубуз коррупцияга көз караш индекси деген ыкманы иштеп чыкканбыз. Бирок индекс боюнча алып карасак, биз 2012-жылда алган көрсөткүчүбүз жыйырма төрт балл болчу, 2014-жылы жыйырма жети баллга чейин көтөрүлдүк, 2015-жыл жыйырма сегиз балл алдык, быйыл кайра эле жыйырма сегиз балл менен калдык. Демек, олуттуу жылыштар болбой жатат.

Би-Би-Си: Өкмөт коррупцияга каршы күрөш аёосуз жүрүп жатканын такай айтып жатат. Эл буга ишенип жатабы?

А. Шаршенбаев: Өкмөт көп нерселерди пландарына киргизип, ошолорду ишке ашырабыз деп жатат. Андан тышкары кээ бир өтө жогорку деңгээлдеги саясатчыларга кылмыш иштери ачылып, сотко тартылып жатат. Бул иш жүрүп жаткандыгынын кандайдыр бир деңгээлде көрсөткүчтөрүнүн бири. Бирок коррупция менен күрөшүү системалык түрдө жүрүш керек. Түптөп, аны жакшылап ишке киргизүү кандайдыр бир убакытты талап кылат. Дагы бир жолу Грузиядай, Латвия, Эстониядай кескин түрдө өзгөртүүлөрдү киргизип жибериш керек, антпесе системалык түрдө биз киргизип жаткан жол өтө көп убакытты талап кылышы мүмкүн.

Би-Би-Си: Жогорку кызматтагы чиновниктер жоопко тартылып жаткан учурлар кездешип жатат деп айтып калдыңыз, ошол эле учурда ал ыкма тандоо жолу менен жүрүп жатат деген пикир айтылып келет.

А. Шаршенбаев: Комментарий бериш өтө кыйын, анткени ар бир ишке комментарий бериш үчүн аны ийне-жибине чейин жакшылап билиш керек. Сот кандай чечим чыгарганына жараша өзүбүздүн ой-пикирибизди жүргүзүп жатабыз. Бирок, бул жерде бир нерсе бар, бизде сот системасы дагы өтө коррупциялашкан институттардын бири болуп жатат. Соттун чечимине ишеним арта албай жатабыз.

"Трансперенси интернейшнл" уюмунун Кыргызстандагы улуттук бөлүмүнүн жетекчиси Адылбек Шаршенбаев

Берилген сурооңуз өтө кыйын суроолордун бири. Мындан тышкары азыр бизге билинген иштер жөнүндө гана сүйлөшүбүз мүмкүн. Коррупция көмүскөдө жүргөн иш болгондуктан биз көптөгөн окуяларды билбей да калабыз. Ошол үчүн бул жагынан да өзүбүздүн пикирибизди айтуу кыйынчылыкка турат. Эгер кандай нерселер болуп жатканын биз билсек ошондо биз талдап айтышыбыз мүмкүн. Пресса ачык-айкын баардыгын чагылдырып жатат деген дагы кепилдигибиз жок. Ушул окуялар гана болдубу же башка атка минээрлер дагы ушундай иштерге аралашып, бирок алар көмүскөдө калып калыштыбы?

Колубузда канчалык көп маалымат, фактылар болсо ошондо биз тактап айтсак болот. Бирок бизде коррупция боюнча өтө катуу чуу болуп туруп кайра эле тым-тырс болуп калган фактылар да жок эмес.

Би-Би-Си: Коррупциялык схема деп кеңири талкууланып келет. Схема түзүүгө Кыргызстандын мыйзамдарында, шартында, канчалык мүмкүндүк берилген?

А. Шаршенбаев: Мүмкүндүк абдан көп. Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө коррупционерлер коррупцияга каршы күрөшкөндөргө караганда ресурстар жагынан абдан жакшы камсыздалган деген түшүнүк бар. Анткени алар өздөрүнүн кызыкчылыгы жана кирешеси үчүн иштешет. Ал эми коррупцияга каршы күрөшкөнгө биз каражат табышыбыз керек. Алар көбүрөөк ресурска ээ болгондуктан заманбап жолдорду изилдеп чыгууга жана колдонууга шарты көбүрөөк. Коррупцияга каршы күрөшкөндөр андай каражатты мыйзамдуу жол менен табышы кыйыныраак. Ошон үчүн артта калуу болушу мүмкүн.

Схема - бир нече кадамдан турат. Ар бир кадамында схема түзүүгө мүмкүнчүлүк, кемчиликтер болушу мүмкүн. Мисалы, биринчи этапта бир-беш, экинчи этапта алты, кийинкисинде жети. Мамлекеттик сатып алуу боюнча атайын чыгарган китебибиз бар. Кантип коррупция менен күрөшүш керектиги жазылган.

Ошондо кеңешчилерибиз эсептеп чыккан. Эгер алты этапка бөлө турган болсок, анын ар биринде беш, алтыдан кадамдар болсо, ошол кадамдарды бириктирип отуруп, жыйырма сегиз миң схема түзсө болот экен. Күрөшөбүз деп, мисалы миңин алсак деле жыйырма жети миңден ашыгына кол жетпей калып жатпайбы.

Ошондуктан схема менен күрөшпөстөн системалык күрөшүш керек. Ар бир кадамында мүмкүнчүлүктөрдү жоюу үчүн кандайдыр бир негизги бөгөт коюш керек, ошондо күрөшүү оңойураак болот. Анткени ар бир этаптан азайтсак бул көбөйтүлөт жана барган сайын көбөйүп кете берет. Ар бир этаптан кыскартканда биз натыйжалуу күрөшкө жетишебиз.

Булак: "bbc.com"

Последние новости