www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадрда байкалгандай, соода түйүндөрдүн биринде бир чекиттен көзүн албай тиктеген айым турат. Жанындагы жигит аны колунан тартканда дагы ордунан козголгон жок. Качан ал эркек адам басып кеткенден кийин гана эсине келгендей болгон алиги айым, стол үстүндө турган планшетти алып жөнөдү.

 

Бул тууралуу айтылган маалыматтарга караганда, көрүнүш Петрозаводск (Орусия) шаарында бир апта мурда катталган. Анда бирөөнүн кароосуз калган буюумуна кызыгып, көпкө ойлонуп туруп акыры алып кеткен айым видео байкагычтын бар экенин дагы этибар алган эмес.

Ал эми жакында аны полиция кармаганда, күнөөнү жанында жүргөн жигити мойнуна алууга аракет көргөнү айтылат. Анткен менен анын күнөөсү далилденген эмес. Эми напсисин кармай албаган айым, РФ мыйзамдары менен жазасын тартмай болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости