www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн жасалуучу «Ысык-Көл тамырынын» кайнатмасы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жасалат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Мамлекеттик резиденцияда атайын имарат бөлүнүп берилди, ал толук тазаланган жана талаптагыдай жабдылган. Кайнатма чөп ошол жерден жасалат, атайын жабдуу бар. Ал жерде медицина кызматкерлери бар, министр өзү да катышууда. Медиктер 300дөй ыктыярчыны дарылап сакайтты. Саламаттыкты сактоо министри өзү бул аракетти колдоп, акырындык менен пайдаланылып жатат», — дешти президенттик аппараттан.

Алар кайнатма чөп кустардык ыкма менен куюлбай турганын белгилешти.

Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаровдун Instagram баракчасында дарыгерлер коронавирустун башталгыч стадиясындагы бейтаптарды айыктыруунун ыкмасын тапканы боюнча билдирүү таратылган. Бүгүн саламаттык сактоо министри суюктук жөнүндө айтып, аны түз эфирден ичти.

«Ысык-Көл тамыры» уусу күчтүү чөптөрдүн катарына кирет. Тажрыйбалуу медиктер коронавирустан мурда бекитилген протоколдун негизинде дарыланууну сунушташууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости