www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн төртүнчү жолу Азия чемпиону аталды. Мелдеш ушу тапта Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат.

Азия чемпиондугунда Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмакта таймашка чыгып, финалда монголиялык Болортуей Хурелхууну 11:0 эсебинде жеңип, алтын медаль алды.

Финалга чейин Тыныбекова төрт беттеш өткөрүп, Индиядан, Казакстандан, Түштүк Кореядан жана Өзбекстандын чыккан атаандаштарын уткан.

15-апрелде Тыныбекова Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмуна маек куруп, жеңилүү ызасы аны жеңишке жеткиргенин белгиледи.

«Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимп оюндарынан кийин мен алты ай депрессия болдум. Мен андан аябай кеч чыктым. Көп ойлонуп, талдап көрдүм. Машыктыруучум менен көп иштедик. Азыр мен ошол жети секундага абдан ыраазымын. Эгер ошол жети секунда болбогондо мен дүйнө чемпиону болмок эмесмин. Ошол жеңилүү ызасы мени кайра күчтөнтүп, мен дүйнө чемпионатынан Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы алтын медалды утуп алдым. Жеңилүү болбосо, жеңиш болмок эмес», - деди Тыныбекова.

Белгилей кетсек, Айсулуу азыркы тапта дүйнө чемпиону. Ал бул наамга эки жыл мурда Нур-Султан шаарындагы чемпионатта ээ болгон. Балбан кыз Токио жайкы Олимп оюндарына жолдомо алган.

Аталган Азия чемпионатынан бир күн мурда Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы үч байгеге ээ болгон. 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова алтын медал тагынып чоңдор арасында алгачкы жолу Азия чемпиону аталса, 76 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Айпери Медет кызы күмүш, 59 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Нураида Анаркулова коло байгеге арзыды.

Жуманазарова менен Медет кызы бир жума мурда дал ушул Алматы шаарында өткөн Азиялык квалификациялык мелдеште Олимп оюндарына жолдомо алышкан.

Эске салсак, 13-апрелде башталган спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты 18-апрелге чейин уланат. Буга чейин болгон грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда Кыргызстандын улуттук курама командасы үч күмүш, беш коло байге алып, командалык эсепте 3-орунда жайгашты.

Бүгүн, 17-апрелде эркин күрөш боюнча таймаштар башталат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости