www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Мен 42демин. Мен лох эмесмин”. Мына ушундай лозунг жана ал сөздөрдөн куралган ыр менен Мариуполь шаарынын тургундары Владимир Зеленскийди өзгөчө тосуп алды. Учурда бул интернетте “хит” болуп жатат.
Айтылган маалыматтарга караганда, украин лидери инвестициялык форумга катышуу үчүн келе жаткан. Анын кортежи жакындаган убакта, каршылык акциясына чыккан активисттер, музыканын коштоосунда мындай баннерди жол боюна жая салышкан. Иш аракеттер тездик менен аткарылгандыктан, бул полицияга күтүүсүз болгону айтылууда. Болбосо, тасмада байкалгандай баары атайылап жасалгандай.
Эске сала кетсек, орустар менен согушуп жаткан украиналык ыктыярчылар менен аскерлерди ал жактан чыгарып кетүү үчүн Донбасска барган Зеленский бир жоокер менен кер-мур айтыша кеткен. Мына ошондо жогорудагы сөздөрдү айткан эле.
Булак: NazarNews.kg