www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындай пикирин Бишкектеги Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков "24.kg" маалымат агенттигинин парламенттин иштөө мөөнөтүн кыскартуу тууралуу сурамжылоосуна жооп берип жатып билдирди.

- Бандиттерди, чала спортчуларды, окуй же сүйлөй албагандарды, жер саткандарды, соодагерлерди, түшүнүксүз адамдарды Жогорку Кеңешке алып келбеш керек! Ошондуктан Жогорку Кеңештин сапатын көтөрүү үчүн, мөөнөтүн кыскартып эмес, шайлоо мыйзамын оңдоп-түзөө керек. Тилекке каршы, жергиликтүү кеңештеги, Жогорку Кеңештеги депутаттар дагы «эптеп кийинки, эмдиги шайлоодон өтүп алсам» деген эле ой менен жашап калышты, - дейт анда аткаминер. 

Аталган агенттик «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Бакыт Төрөбаевдин Жогорку Кеңештин иштөө мөөнөтүн үч, же төрт жылга чейин кыскартуу боюнча сунушунун тегерегинде айрым саясатчыларга, аткаминерлерге суроо салган. Айтмакчы, Төрөбаевдин айткан аргументи боюнча, депутаттар 2-3 жыл иштегенден кийин эл алардан тажап калат экен.

Төрөбаевдин бул сунушуна каршылыгын билгизген Аскарбеков көтөрүлүп жаткан маселе өтө орчундуу экендигин, тилекке каршы, тескерисинче, депутаттардын азыркы 5 жылдык мандат мөөнөтүн андан дагы узартуу жолу ыңгайлуу болоорун айтат.

- Себеби, 2020-2021-жылы бизде жүздөгөн шайлоо өтөт. Жергиликтүү айылдык кеңештерден баштап Жогорку Кеңешке чейинки эл өкүлдөрүн бекитебиз. Анын баарына бюджеттен эле бир топ каражат кетет, - деп кошумчалайт Аскарбеков.

Аскарбеков Жогорку Кеңештеги бандит, чала спортик, сабатсыз депутаттар кимдер экенин албетте, так айтып бере алган эмес.

Ушул жылдын башында, тагыраагы, 2019-жылдын 30-январында Kaktus.media интернет басылмасы Жогорку Кеңештин азыркы, VI чакырылышында мурун-кийин депутат болуп келген айрым инсандардын кримдүйнөгө аралашкандары же чоң муштумдуулуктары тууралуу криминалдык сводкаларга таянып макала жарыялаган.

Анда “Кыргызстан” партиясынан депутат болуп парламентке барышкан Урмат Самиев жана азыр Алматынын түрмөлөрүнүн биринде отурган Дамирбек Асылбек уулу, “Өнүгүү-Прогресстен” мандат алып, кийин ал фракциядан чыгып кеткен Тазабек Икрамов жана ошол эле “Өнүгүүдөн” алгач депутат болуп, кийин айыл чарба министри болуп бир топ убакыт иштеп калган Нурбек Мурашевдин мурда-кийин жасаган кылмыш иштери, же шектүүлүктөрү тууралуу баяндалат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости