www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үлпөттөн кийинки ызы-чуу: Вирус

Калаадагы үйлөнүү үлпөт тоюнан кийин кафеден жаңы гана чыгышкан жаштардын бардыгы үч машинага сыгыла отурушту. Анан биринин артынан бири ээрчише калаанын четиндеги эли азыраак ээн жерге, калың бак-дарактардын арасына барып токтошту. Эркек балдардын дээрлик көпчүлүгү кызуу болчу.

-  Кана достор, ушул боюнча тарап кетпей бир аз дагы көңүл ачып отуралы.

-  Ооба, эки жаштын бактысы үчүн бул жактан каалоо-тилектерди кенен-кенен, ээн-эркин айтып алып, тигинден дагы басып алып, анан тарайлы. Менимче үйлөнүү үлпөт жакшы эле өттү, кана алып чыккыла тигилерди!

Ар кимиси өзү менен кошо ала чыккан ар кандай салат, тамак-аштарды, ичкиликтерди, суусундуктарды машинанын арткы багажына жая салышып, ар кимиси бака-шака түшүшө биринин сөзүн бири укпай бакылдап сүйлөп жатышты. Булар жаңы үйлөнгөн эки жаштын курбу-курдаштары болчу. Кээ бирлери ошол күнү эле жаңы таанышып, үлпөттө чогуу отурушкан.

- Кана, мырзалар жана сулуу айымдар, эки жаштын бактысы үчүн мобул тостту алып жибербейлиби...

Ар кимиси өздөрүнүн каалоо-тилектерин айтып бир топко отурушту. Кафеден үйлөнүү үлпөтүнөн кээ бири бир топ эле кызуу болуп чыгышкан болчу. Бул жактан ичкен ичкиликке ого бетер кызып калышты.

- Кой, тарайлы, убакыт бир топ болуп кетти, эртерээк үйлөрүбүзгө жетип алалы.

Бардыгы шашылыша жаңы үйлөнгөн эки жашка каалоо-тилектерин айтып, бата берише машиналарга кайрадан тыгылыша отура кетишти. Биринин артынан бири ээрчишкен үч машина ордуларынан козголо, заңылдата жарыша катуу айдап жөнөштү. Ошондо алдыңкы машина күтүлбөгөн жерден караңгыда чыга калган адамды уруп кетип, атүгүл тебелетип алды. Үрөйлөрү уча, жүрөктөрү түшүп калган жаштар бардыгы машиналарын токтотуша алиги тебелетип алган алдыңкы машинага жетип келишти.

- Эмне болду, кимди сүзүп кеттиң, ал киши кызуу бекен? Өзү урунуп алдыбы?

Машинанын айдоочусу мындай күтүлбөгөндүккө эсине келе албай, дендароо болуп турду.

-  Билбейм, тиги киши өзү урунду, айтор, аман болсо экен...

Аны машина сүзмөк тургай былчыратып тебелетип да кеткен болчу. Жерде кызыл-ала кан болуп жаткан караанга мобилдик телефондор менен жарык кылышты. Анан ушунчалык укмуштуудай, өмүрү көрбөгөн коркунучтуу көрүнүшкө туш болушту. Башы былчыранып, оозу кыйшайып, жаагы бир жаагына чыгып кеткен адам сымал сөлөкөт али жаны чыга электигин билгизип, акырын кыймылга келе баштады. Эмнегедир бет түзүлүшү адам кейпинен өзгөчөлөнгөн эки аяктуу сөлөкөт ордунан акырын турду дагы, өзүнөн бир канча алысыраак жерде турган жигитке күтүлбөгөн жерден атырылып кол салып, аны коколоп муунтуп калды. Бери жакта турган жаштар мындай күтүлбөгөндүккө жүрөктөрү түшө, өздөрүнчө кыйкырып-бакырыша туш-тушка чачырап кача беришти. Ал эми коркунучтуу макулуктун муунтуусунда калган жигит жанталаша андан кутулууга аракет жасай, болгон күчү менен кыйкырды.

- Жардамга, мени таштабагыла! Машина уруп кеткенде бети-башы былчырап жарылган алиги коркунучтуу караан жигитти тап-так көтөрүп туруп жерге урду. Башы менен жерге катуу тийгендиктен жер айлан-көчөк боло, башы айлана эсин жоготуп койду.

Ары жактан эки-үч жигит ага жардамга келишти. Ар биринин колунда жыгач союлдар бар болчу. Жигитти бошотууга аракет жасаша колдорундагы союлдары менен аны башка-көзгө ургулап чапкылашты эле, алиги сөлөкөт аны тоотуп да койгон жок. Акырын бурулуп аларга карады да, ушунчалык ылдамдык менен экөөнү тең чап билектен кармап өзүнө тартып алды дагы, биринчисин дал эле белден тап-так көтөрө чимирилтип туруп ары жактагы дубалдан ашыра ыргытып жиберди. Экинчисин да белден кармап, жогору карай көтөрүп бакка желкесинен илип таштады. Муунуп кырылдап жерде жаткан айдоочу жигит алиги сөлөкөттүн жүзүнө карады. "Бул коркунучтуу макулук эмес, адам эле окшойт, бирок..." Ал кулактарынын башкача узун болуп турганын көрдү. Муруну дагы чочконукундай тегерек коркунучтуу экен. Оозунан азуулары чыгып турат кадимки жапайы жырткычтардын азууларындай болуп, бирок кийген кийими адамдардыкындай. Колдорунда тырмактары өсүп, бычактын мизиндей курч.

Машина катуу сүзгөндүктөн бети-башы жарылып кеткен, ошентсе да эч нерсе болбогондой кыймылдап жүрөт. Айдоочу жигит жакшы эле мүмкүнчүлүктөн пайдаланып качып кетейин деди эле качырган жок. Бир колу менен жеңил гана жогору карай көтөрүп туруп жерге таштап койду. Жерге катуу тийгендиктен эки өпкөсү куушурула катуу өзөрүп калды. Ордунан атып туруп кайра качайын деди эле, ага үлгүртпөй желкесинен куушура кармап, жогору көтөрүп туруп кайрадан жерге таштады. Улам жогору көтөрүп кайра таштап, аны катуу кыйнап жиберди. Айдоочу жигит акыры чыдай албай катуу кыйкырып, айланадагылардын көңүлүн өзүнө бурдурууга аракет кылды.

Туш-тушка чачырап качып кеткендердин бардыгы кайрадан чогулушуп айдоочу жигитке жардамга келишти. Бардыгы ар жактан жабылыша бул адам сымал нерсени байлоого аракет кылып жатышты. Тигил аларга моюн бербей ар бирин тап-так көтөрө туш-туш жакка ыргытып жатты. Бирөөсү ары жакта жерде жаткан бактын жоон сыныгын алып туруп тигини болгон күчү менен башка чапты эле, союл экиге бөлүнүп сынып кетти. Тигил болсо эч нерсе болбогондой, аны оолак болгонго үлгүртпөй чап эте билектен кармай, колу менен бутун бириктире кармап туруп топ ыргыткандай өзүнөн алыс жакка ыргытып жиберди. Жаш жигиттердин ушунчасы жабылып жүрүп биринин дагы алы жетпей койду. Тескерисинче бирөөсүнүн бети-башы жарылса, экинчисинин колдору, үчүнчүсүнүн буттары, кабыргалары сынып, бири да калбай жабырланууга туш болушту.

Аңгыча милиция менен "Тез жардам" машинасынын уңулдаган добуштары чыгып, ары жактан куралчан милиция кызматкерлери жабыла чуркап келе жатышты.

Алиги сөлөкөт заматта көздөн кайым боло жоголуп кетти.

- Бул эмне болгон макулук, ыя?

- Макулук эмес, кадимки эле адам, ал деген мутант, жугуштуу вирустун таасири менен адамдын   кебете-кешпири   бузулуп,   ой жүгүртүүсү өзгөрүп, жамандыктан башка эч нерсени ойлобой кадимки жырткыч айбандан эч айырмасы жок болуп жатат. Алар жолуккан адамдарды   эле   өлтүрүүдө,   биз   андай мутанттардын эки-үчөөсүн кармап, көздөрүн тазалап жок кылдык. Жогору жактан ушундай буйрук келген, болбосо булар башка адамдарга вирус жугузуп же өлтүрүүгө аракет кылып жатышат. Бул деген бул доордо жашап жаткан адамзатынын эң эле коркунучтуу вирусу, - колуна тапанча кармаган милициянын полковниги иштин жагдайын түшүндүрүүгө аракет кылып жатты.

(Уландысы бар)

Саадатбек Мырзакул уулу

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости