www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери “Манас” Эл аралык аэропортунун Авияция коопсуздугу кызматынын кызматкерлери менен биргеликте баалуу металлдарды жана буюмдарды мыйзамсыз алып бара жаткан чет элдик жаранды кармашты. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 24-октябрь күнү “Манас” бажысынын кызматкерлери “Манас” Эл аралык аэропортунун Авияция коопсуздугу кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек-Үрүмчү багыты боюнча учуу каттамын көзөмөлдөн өткөрүү учурунда болжолдуу тарыхый баалулугу бар баалуу металлдарды жана буюмдарды алып бара жаткан “H.L.” аттуу Кытай Эл Республикасынын жараны кармалды.

Табылган буюмдар:

1. 23 даана ар кайсыл номиналдагы орус тамгалары менен гравировкаланган сары металлдан тыйындар (болжолдуу алтындан), XIX - XX кылымдарга таандык;

2. Тыйындан жасалган колго тагуучу 2 чынжыр (болжолдуу алтындан), ар бир чынжырда байыркы тыйындардан бештен тагылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди. Кармалган буюмдардын курамы жана наркы тергөө иштеринин алкагында аныкталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости