www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Жапаров: Бүгүн тарыхый күн

Жогорку Кеңештин жыйынына президент Садыр Жапаров келди. 

Бүгүн жыйында "Бишкек шаарында 2022-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Мыйзамдын долбоору жана  “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет.

Жыйындын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров бүгүн тарыхый, эзелтеден бери Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда чечилбей келген чек ара маселесине чек коё турган күн экенин билдирди.

"Ошондуктан бүгүнкү ратификация маселесине мен дагы катышып, ушул тарыхый жооптуу учурда башымды катып отура албастан, өз пикиримди билдирип кетейин деп келдим", - деди президент.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости