www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иракта үйлөнүү үлпөтүндө өрт чыгып, кабыл алуу залы толугу менен күйүп кетти. Натыйжада 100дөн ашуун адам, анын ичинде колукту менен күйөө каза болуп, дагы 150дөй киши жарадар болгон.

Нинева провинциясынын Хамдания районунда майрамдык салтанат үчүн имаратта өрт чыкты. Провинциянын губернаторунун орун басары Хасан аль-Аллаканын айтымында, 113 адам каза болуп, 150 адам жарадар болгон. Андан соң жалпыга маалымдоо каражаттары жаңы үйлөнгөн жубайлар дагы коноктор менен бирге өздөрүнүн үйлөнүү тоюнда каза болгонун жазып чыгышкан.

Өрт чоң майрамдык залда имараттын ичинде фейерверк атылгандан кийин тутанган. Окуя болгон жерде жүздөгөн адамдар болгон учурда имарат жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:45те күйүп кеткенин күбөлөр билдирди. Маалым болгондой, имараттын ичинде бат күйүүчү материалдар бар болгондуктан ал бат күйүп кеткен.

Кырсык болгон жерге медициналык топтор менен көп сандаган тез жардам унаалары келди.

Ирактын Кызыл Жарым Ай уюмунун маалыматына караганда, бир түн ичинде өрттөн жабыркагандардын саны 450дөн ашты. Алардын канчасы каза болуп, канчасы ооруканада экенин такташкан жок.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости