www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 27-сентярбда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак түлөбаев Оштогу Кара-Суу базарындагы соодагерлердин көйгөйүн көтөрүп чыкты.
Эл өкүлүнүн айтымында, Кара-Суу базарындагы кызыл китеби бар 300дэй соодаргер иштеткен жерин (базардагы местасын же контейнерин) алдырып жибергени жатышат.
“Акылбек Үсенбюековиичке айтып койгула, ошол кызыл китеби бар 300 адамды бозотпой, маселесин барып чечим бергиле. Соттогу сотко берген чечимин кайра алсын. Ошол базардагы бир кичинекей жерди иштептип жаткан соодагердин эмнеси коррупционер болот? Анын эмнесин сотко берип жатасыңар? Эптеп соода кылып күн өткөрүп жаткан соодагерлерди базардан эмнеге сүрүп чыгарып жатасыңар? Барып элдердин көйгөйүн уксаңыз, ылагыңыз келет. Эртең ошол жерде кичинекей бир “искра” чыгып кетчү болсо, баарыбызды күйгүзөт”,-дейт өл өкүлү.
Эске ала кетсек, август айында Кара-Суу базарынын соодагерлери “бир жылдан берки ыйыбызды, арыз-муңубузду уга турган адам жок, көңүл бура турчу бир тиешелүү орган жок” деп NazarNews маалымат агенттигине кайрылышкан.
Анда буга чейин мыйзамдуу түрдө сатып алган орундарын эми базардын башчысы менен мүлк фонду алардан мыйзамсыз алып койгону жатышканын айтышкан.
Булак: NazarNews.kg