www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас шаарынын вице - мэри Дамирбек Курманалиев мэрияны сотко берди.
Вице - мэрдин мыйзамсыз жумуштан алындым деп эсептегени анын бул кадамга баруусуна себеп болгон. Ал:
Мен 6-июнда эмгек өргүүгө кеткем. Мэр мага: "эмгек өргүүгө чыга турган болсоң, өз каалооң менен жумуштан кетүү тууралуу арызыңды да кошо жаз" деди. Мен ага чейин Бишкекке башка жумушка которулуу жөнүндө ойлонуп жаткам. 6-июндан 5-июлга чейин эмгек өргүүгө, 8-июлдан тарта өз каалоом менен жумуштан кетүү тууралуу эки арыз жаздым.
Бирок эмгек өргүүм бүтө электе, 3-июль күнү мэрге келип жумуштан кетпей турганымды айтып, кайра арыз таштадым. Ооруп жаткандыгыма байланыштуу 12 күн ооруканага жатып, жумушка келсем ээлеген кызматыман бошотуп коюшуптур. Анан сотко бердим. Мен таламымды талашам" - дейт Дамир Курманалиев.
Курманалиев мэриянын мындай чечимине макул эместигин айтып Талас шаардык сотуна кайрылганы белгилүү болду, - дейт "Факты.kg" гезити.
Булак: NazarNews.kg