www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус жуктуруп алган Бишкектеги гипермаркеттин кызматкери 48 адам менен байланышта болгону айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова онлайн маалымат жыйынында билдирди.

"Акыркы кезде шаардын көчөлөрүндө жөө адамдар менен унаалардын саны кескин көбөйдү. Буга байланыштуу Бишкек шаарында вирусту жуктуруп алуу коркунучу дагы деле бар экенин белгилей кетели.

16-майга карата шаар тургундары арасында коронавирус менен жабыркап жаткандардын саны 305 адамды түзөт. Алар менен байланышта болгондор 648 адам. Баарына маалым болгондой, жакында эле борбор калаадагы гипермаркеттердин биринде иштеген кызматкер дагы вирус жуктуруп алганы аныкталып, 48 адам менен байланышта болгон. Андыктан жарандарды өтө зарыл иши болбосо үйдөн чыкпоого чакырабыз. Санитардык нормаларды жана адамдар менен байланышта аралыкты сактоону сунуштайбыз", - деди шаардын вице-мэри.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости