www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэриясы тургундардан саат 22:00дөн 3:00гө чейин өтө зарылдык болбосо көчөгө чыкпоону сурады. Бул тууралуу 16-майдагы жыйында вице-мэр Татьяна Кузнецова билдирди.   

Кузнецова 2020-жылдын 11-майынан тартып, шаардын аймагында карантин режими киргизилгенин жана бир нече экономикалык ишмердүүлүүлүктөрдүн түрүнө уруксат берилгенин эске салды.

“Жугуштуу оорулардын алдын алуу, эпидемияны жоюу жана локалдаштыруу боюнча иш-чараларды өз убагында уюштуруу максатында Бишкек шаардык мэриясында жарандык коргонуу комиссиясы түзүлүп, шаардык эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы атайын комиссия өз ишин улантууда", - деп кошумчалады Татьяна Кузнецова.

Анын айтымында, карантин эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө райондук администрацияларга, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, ШИББге жүктөлгөн.

"Алар өз кезегинде уюмдар санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сакташын камсыздоо максатында түшүндүрүү жана рейддик иш-чараларды жүргүзүшөт", - деди вице-мэр.

Эске салсак, бүгүн, 16-майга карата илдетти жуктургандардын саны 1117ге жеткен. Анын ичинен 783ү сакайып кеткен болсо, 14ү көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости