www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын президенти Владимир Путин аралыктан иштөөнүн оң жактарын белгилеп, мындай режимге көнүп калганын билдирди. Бул тууралуу “Россия 1” телеканалына таянып «Sputnik» жазды.
“Россия зовет!” форуму учурунда ВТБ банкынын жетекчиси Андрей Костин Россия лидеринен “видеобайланыш аркылуу коммуникация түзүү кыйынчылык жараткан жокпу” деп сураган. Анда Путин буга көнүп калганын айткан.
“Аудитория менен кызыктуу жана жандуу болот. Мындай мүмкүнчүлүктөр бар экени да жакшы”, — деди президент.
Ошондой эле Путин видеобайланыш кызматкерлердин жумушун көп убакытка үзгүлтүккө учуратпай жана кызыкдар тараптарды көбүрөөк чогултууга шарт түзөөрүн белгилеген.
Булак: NazarNews.kg