www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
9-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен видеоконференция аркылуу ыкчам жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйынга Федерация кеңешинин төрагасы Валентина Матвиенко, Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев, Президенттик аппараттын жетекчиси Антон Вайно, Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев, ички иштер министри Владимир Колокольцев, Тышкы иштер министри Сергей Лавров, Коргоо министри Сергей Шойгу, Федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников, Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкин катышты.
«Бүгүн бизде абдан маанилүү маселе турат - Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскерлеринин, аскердик түзүлүштөрүнүн жана органдарынын аскер кызматчыларын турак-жай менен камсыз кылуу. Бул маселе боюнча доклаттардын бир кыйласы даярдалды. Эми биз ушул маселени карайбыз.
Бирок биз баштаардан мурун Чыгыш экономикалык форумун даярдоого катышкандардын баарына ыраазычылык билдиргим келет. Жогорку деңгээлде өтүп, жакшы жыйынтык менен салтка айланып калды. Көптөгөн маанилүү маселелер көтөрүлүп, көптөгөн келишимдер жана бүтүмдөр түзүлдү, пайдалуу сүйлөшүүлөр болду. Андыктан сизге чоң рахмат”, - деди Путин.
Булак: NazarNews.kg