www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады.

«Сиз мекендештериңиздин зор урматтоосуна ээсиз жана чет мамлекеттерде кадыр-баркыңыз жогору. Мамлекеттерибиздин ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө, ошондой эле евразиялык мейкиндикте өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди жылдырууда Сиздин жеке салымыңыз абдан салмактуу.

Эки тараптуу жана эл аралык күн тартиби боюнча конструктивдүү диалогубузду жана биргелешкен жемиштүү иштерди улантабыз деп ишенем», — деп белгиленет Россиянын Президентинин куттуктоосунда.

Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго чың ден-соолук, бакыт-таалай, бакубаттуулук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости