www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болуп өткөн окуялар боюнча ошол кездеги Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген Фарид Ниязов өзүнүн пикирин төмөнкүдөй билдирди:

- Мен Сооронбай Жээнбековдун шайлоодогу башкы штабын жетектеп бергем. Бирок эч качан каржы маселесине кийлигишкен эмесмин. Президенттикке талапкер каржы жагын эки адам менен гана чечишкен.

Биздин колго тийген материалды биз толугу менен текшерип жатабыз.

Бирок, иш-чаралар жана документте аталган фамилиялар баары чындыкка дал келет. Мен жеке өзүм боюнча айтсам мыйзамга ылайык гана иш алып бардым. Штабды башкарып турганда бизди БШК жана биздин юристтер да текшерип турду –дейт Ниязов.

Кундуз Жолдубаева КСДП фракциясынын расмий өкүлү өзүнүн пикрин: Биз партиянын кеңсесинде кечеги күндөн бери аталган документти текшерип жатабыз.

Биз тана албайт турган эки нерсе: иш-чаралар жана документте жазылган ысымдардын баары чындыкка дал келет.

Мындан сырткары, Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоо тууралуу өзүнүн пикирин билдирип «Апрель» телеканалына президенттик шайлоо жөнүндө кенен маек берет. Атамбаев менен болгон эфир 19-ноябрда, 2018-жылы көрсөтүлөт,- деди Жодубаева.

Төмөнкү шилтеме аркылуу аталган документ боюнча кенен түшүнүк ала алсыздар:

https://docs.google.com/spreadsheets/d/1oe1h21RQ4ShkwI4nOiWL8PVRRGofrqfUjMgyiFx7ZNM/edit?fbclid=IwAR3Z2PQY9TuKHDj_6k0kNhz-VDwpN-EdrJI7zOLxPfli-vhPgs2wjPGdy5g#gid=1576441480

Булак: NazarNews.kg

Последние новости