www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ыйлаган эл, сыры ачылбаган жүк

Дача-СУдагы кырсыктын болгонуна быйыл 2 жылдын жүзү болду. Ата-энесинен айрылып жетим калган балдардын көкүрөгүндөгү кусалыктын толгонуна дагы 2 жыл, балдарынан көз ачып жумгуча айрылган ата-эненин көз жашы кургабай агып жатканына дагы 2 жыл толду. Жетимдердин өксүгү түбөлүк кала берет.

Учак кулаган күн алар үчүн өмүр бою кара дак болуп өтөт. Жаш балдарды ата-энесинен, ата-энени балдарынан ажыраткан, өлүм алып келген учактагы жүк кимдики экени 2 жылдан бери ачылбай келүүдө. Тынч уйкуда жаткан элдин үстүнө кулаган учак кимдин жүгүн алып келгени неге ачыкталбайт?

Жүктүн ээсинин аты-жөнү кыркка жакын адамдын өмүрүнөн да улукпу? Же кыргыз бийлиги мыйзамсыз жүк ташыган адамдын алдында өмүр бою милдеттүү болуп калганбы? Бул табышмактын жандырмагы деги ачылабы?

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости