www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдөгү «Ак-Тилек» мамлекеттик ишканасынын мыйзамсыз менчиктештирилген дарылоо-ден соолукту чыңдоо мекемесинин бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан «Ак-Тилек» мамлекеттик ишканасынын жалпы аянты 8 гектарга жакын жер тилкеси менен курулушу бүтпөгөн дарылоо-ден соолукту чыңдоо мекемесинин имаратын жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталды.

Белгилүү болгондой, 1998-жылы «Кыргызтемир» ААКтын жооптуу адамдары алдын ала макулдашуу менен аталган объектини жеке менчикке өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурушкан. Тактап айтканда, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен мыйзамсыз алып-сатуу келишими түзүлүп, бүтпөй калган имарат жана ага тиешлүү болгон жер тилкелери мамлекеттин менчигинен чыгарылган.

Кийинчерээк 2,3 га аянтка «Колумб» пансионаты курулуп, жердин калган бөлүгү жеке менчикке сатылып кеткен.

УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында «Колумб» пансионатынын менчик ээси аталган пансионат жайгашкан жерлерге иш жүзүндө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын таанып, аны ыктыярдуу жана акысыз негизде 2,3 га аянтты түзгөн жанаша аймагы менен бирге КР министрлер кабинетине караштуу «Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин» балансына өткөрүп берди.

Учурда УКМК тарабынан жалпы аянты 5 гектардан ашык аймактын калган бөлүгүн кайтарып алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Последние новости