www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Ысык-көл облусунда жаратылышка зыян келтирген пансионаттарды аныктап, 41,5 миң сомдук айып пул салды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, «Рохат» жана «Алтын-Көл» пансионаттары белгиленбеген жерге таштанды чыгарганы үчүн КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1-пунктуна ылайык 34 миң сомго айыпка жыгылды.
Ушундай эле жорук жасаган жеке жакка да протокол түзүлүп, 5,5 миң сомго айып пул салынган. Ал эми 2 жаран уруксатсыз балык улаганы үчүн 2 миң сом айып пул төлөшкөн.