www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
20–22-июль күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде IV эл аралык эстрадалык музыка аткаруучуларынын «Мейкин Азия» фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Фестиваль дүйнөнүн 25тен ашык мамлекетинен келген таланттуу жаш эстрада ырчыларын чогултат. Иш-чаранын алкагында сынактардан тышкары, Кыргызстандын жана чет өлкөлүк белгилүү артисттердин катышуусунда ири концерттер өтөт.
Алар: Мирбек Атабеков, Jax 02.14, Freeman 996, Бакр, Абир Касенов, Баястан, Тамга, Жийдеш Идирисова, Нурила, Бек Исраилов, Азат Раимбердиев, Миңжашар Мурзаев, Бегимай Турусбекова, Руслан Асанкан, ERA жана башка аттуу-баштуу ырчылар катышат.
Фестивалдын ардактуу коноктору катары: I «Мейкин Азия» фестивалынын жеңүүчүсү, дүйнөлүк атакка ээ болгон казак ырчысы Димаш Кудайберген, Ay-Yola тобу жана армениялык белгилүү аткаруучу Sevak чакырылган.
Фестивалга билеттерди онлайн сатып алууга болот. Толук маалымат жана сатуу шилтемеси фестивалдын расмий сайтында берилет.