www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров 3-4-июлда Ханкенди шаарында өтө турган Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 17-саммитине катышуу үчүн Азербайжан Республикасына иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Саммиттин темасы «Ишенимдүү жана климаттык жактан туруктуу келечек үчүн ЭКУнун жаңы көз карашы» деп аталат.
Саммитке уюмга мүчө болгон Афганистан, Азербайжан Республикасы, Иран Ислам Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Түркия Республикасы жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары жана өкмөт башчылары катышат. Анда тараптар уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде мүчө-мамлекеттер тарабынан климаттын өзгөрүшүн алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашат.
Ошондой эле Агдам районунда кыргыз тарап курган «Айкөл Манас» мектебинин расмий ачылышы болот, деп кошумчалады Сагынбек Абдумуталип.