www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Улан» балдардын ден соолугун чыңдоо борбору мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, кайрадан иштөөгө даярдалып жатат. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасы билдирди.
Буга чейин борбор Кыргызстан профсоюздар федерациясынын балансында болчу жана убакыттын өтүшү менен жараксыз абалга келген.
«Бүгүн президенттин тапшырмасы боюнча борбор капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Сентябрь айында эле балдарды кабыл ала баштайт», - деп айтылат расмий маалыматта.
«Улан» борбору Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында жайгашкан.