www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Джо Байден Ак үйдүн газонуна бак отургузуу аземинен кийин «адашып кетти» деп жазат британ таблоид The Daily Mail.
Салтанаттын соңунда «адашкан» америкалык лидер бир тарапка жыла баштаган, бирок күтүүсүз жерден токтоп, күзөтчүлөрдөн кайсы тарапка барыш керектигин сурай баштаган.
Кызматкерлер мамлекет башчысына туура багыт көрсөткөндө, ал «башка жол менен кеткиси келгенин» айтып, алар өз кезегинде Байденди каалагандай кете аларына ишендиришти. Натыйжада, Байден өзүнүн сакчылары көрсөткөн жол менен Ак үйгө жөнөдү.
Быйыл 80 жашка толгон Байден АКШнын тарыхындагы эң кары президент болуп калды. Сынчылар аны акыл-эсинин начарлашы үчүн дайыма айыптап, анын чаташып сүйөлөгөн сөздөрү менен жасаган каталарын айтып келишет.
Булак: NazarNews.kg