www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров «Кыргыз Республикасы: аймактык өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» конференциясынын алкагында «Аймактарды туруктуу жана инклюзивдик өнүктүрүү» тематикалык сессиясында модератор катары сөз сүйлөдү.
«Мамлекет башчынын «2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында биз аймактарда жашоо шартын жогорулатуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүүгө тийишпиз. Бул, анын ичинде, инфраструктура маселелерине, билим берүү, медицина, социалдык камсыздоо, миграция тармактарына тийиштүү. Белгилей кетсем, аймактарда адамдык капиталды өнүктүрүү – социалдык-экономикалык өнүгүү жана саясий туруктуулуктун кепилдиги болуп саналат. Өзүңүздөр билгендей, 2018-2040-жылдарга карата Туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясынын алкагында Өкмөт «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасын кабыл алган. Булконференция ошондой эле биз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте эң актуалдуу маселелерди кайрадан көтөрүүбүзгө жана кабыл алынган документтерди практикалык жүзөгө ашыруу жолдорун талкуулообузга багытталган», – деди ал.
Сессиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, ошондой эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Бүткүл дүйнөлүк банктын, БУУ Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун, БУУ Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрү сөз сүйлөштү.
Андан соң бүтүндөй республикадан келген катышуучулар түзүлгөн кырдаалды жакшыртуу максатында мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сын-пикирлерин айтышты. Сунуштар көбүнесе жерлерди трансформациялоо, мамлекеттик сатып алуулар, билим берүү мекемелеринде электр энергиясы үчүн баалар, ошондой эле медицина жана билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерге тийиштүү болду.
Булак: NazarNews.kg