www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеӊеш депутаттары «Ар кыл маселелер» саатында өлкө аймагындагы мектептердеги көйгөйлөрдү аткаруу бийлигине тапшырышты.

Баткен районунун Сай айылындагы Д.Акматов атындагы мектептин жаӊы имаратын куруу 2014-жылы башталып, ошол бойдон токтоп калган. Бүгүнкү күндө 400дөн ашуу окуучу мектептин эски имаратында 3 мөөнөт менен окуп жаткан маалы. Бул тууралуу депутат Искендер Гайпкулов маалымдады.

Депутат Сагындык Келдибаев мигранттардын балдарын окутууда жана тарбиялоодо астейдил мамиле жасоо зарылдыгын айтып, жатак мектептерин уюштуруу сыяктуу комкордук иштери жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Балдар арасында «Ягуар», «Ред булс» өӊдүү курамында алкаголь болгон ичимдиктерди ичкендер көбөйүп бараткандыгына депутат Айнуру Алтыбаева кабатырланды. Эл өкүлү Өкмөт буга кайдыгер карабай, тез аранын ичинде жогорудагыдай алкаголдорду өлкө аймагына киргизүүгө тыюу салууну сунуш кылды.

Депутат Дастан Бекешев Кочкор районунун Семиз-Бел айылындагы орто мектептин мугалимдер жамаатынан келген кайрылуу менен тааныштырды. Анда мугалимдердин эмгек акысына буга чейин 20 жылдан бери кошулуп келе жаткан 20%дык коеффицент алынып салынганы айтылган. Эл өкүлү мындай кадамдын себебин Өкмөттөн талап кылды.

Депутат Руслан Казакбаев Ак-Талаа, Кочкор райондорунун бир катар мектептери авариялык абалда экенин тизмектеди. Маалыматка ылайык, Ак-Талаанын Ак-Кыя айылындагы мектептин, Кочкордун Ак-Кыя, Сары-Булак айылдарындагы мектептин окуучулары авариялык абалдагы имаратта, кооптуу жагдайда окуп жатышат. Жаз чыгары менен чатырга билим берүү улантылса, кыш киргенде айылдын клубунда окуу жүргүзүлүүдө. Сары-Булак айылындагы бала бакча дагы ушул клубда жайгашкан. «21-кылымдагы акыбал ушундай» деген Р.Казакбаев кайрылуусун түз Өкмөт башчы М.Абылгазиевге багыттады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости