www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев Кыргызстандын мурдагы жана азыркы эки президентине кайрылуу жасады.
Бүгүн 19-декабрда парламенттин жалпы жыйынында борбордук трибунадан сөз алган депутат экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өлкө башчысы кезиндеги жакшы иштери катары “Үркүндү ордуна коюп кеттиңиз, Көчмөндөр оюндарын көтөрдүңүз, президенттик кызматты ыктыярдуу тапшырып эрдик кылдыңыз” деди.
Ошону менен катар ал Атамбаевди башкарууну толук өткөрүп бергиси келбей жатат деп сындады:
- Аккуланы берип, ага жаңы келген президентти мингизип, эки тизгин, бир чылбырды бербей жатканыңыз кандай болот? Камчыны да, батасын кошо бербейсизби?”
Ал эми азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун ишин мүнөздөп Рысалиев “коррупция менен күрөштө тууганым деген жоксуз, баарына тегиз, түз карап жатасыз. Аймактарды өнүктүрүү программаңызга канча деген миллион акча которулуп, элдин колдоосуна алынып жатат. Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына чоң иштерди бүтүрүп бердиңиз” деп белгиледи.
Ал эми кемчилиги катары инаугурация күнү Атамбаевге убада кылынган сыйлык алигүнчө тапшырыла электигин айтты:
- Сиз Алмаз Шаршеновичке жарлыгыңыз менен айткан сөзүңүз бар эле. Ошону орундатып койбойсузбу. Жаңы жылда чакырып, баатырлыгын берип, төшүңөрдү тийгизип, бири-бириңерди кечирбейсиздерби! Эл ушуну күтүп жатат.
Депутат кайрылуусун “Кошуналар күлүп жатат” деген сөзү менен жыйынтыктады.
Алмазбек Атамбаевдин жана Сооронбай Жээнбековдун өкүлдөрү азырынча Рысалиевдин айткандарына жооп кайтара элек.
Жээнбеков алты жылдык мөөнөткө 2017-жылы келди. Ошол эле жылдын 27-ноябрында Жээнбеков Атамбаевди "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы жана "Ак- Шумкар" өзгөчө белгиси менен сыйлоо тууралуу алгачкы жарлыгын чыгарган. Бирок сыйлык азырынча бериле элек.
Булак: NazarNews.kg