www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Кыргызстандагы ирригация, жаңы станцияларды куруу жана коңшу өлкөлөргө суу берүү боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал «Кабар» мамлекеттик агенттигине берген маегинде айтты.

Анын айтымында, мурда курулган суткалык жана декадалык жөнгө салуу бассейндери (БСР, БДР) тазаланган эмес. Суу аз топтолуп, сугат мезгилинде суунун жетишсиздиги дыйкандарга дайыма көйгөй жаратып келген.

«Быйыл баарын тазалап жатабыз. Андан сырткары, өлкө боюнча жаңы БСР, БДРлерди курууга тапшырмаларды бердим. Бул БСР, БДРлер биринчи кезекте бизден төмөн жайгашкан кошуналар үчүн чоң пайда. Себеби биз сугат мезгилинде агып жаткан сууну талашып калып жатабыз. Эгер биз БСР, БДРлерге кыштын күнү алашалбырт болуп агып жаткан сууларды топтоп калсак, жаздан баштап агып жаткан суу толугу менен кошуналарга агып кирип турат. Тагыраагы, буга чейинки алып жаткан көлөмдөн көбүрөөк суу алышат», — деди Садыр Жапаров.

«Өткөндө Бишкектин ичин каптап кеткен сууларды көрдүңөр го. Жогору жакта тосуп алар БСРлер жоктугунан, шаардын ичине чейин агып келип, көчөлөрдү каптап жатат. Эгер БСРлерибиз болгондо, ошол суулардын баары топтолуп калат эле да. Мындай көрүнүш өлкөбүздүн бардык аймактарында болуп жатат. Эгер биз кышта ушинтип пайдасыз агып жаткан сууларды сактап калсак, кошуналарга да суу кенен жетмек», — деп белгиледи өлкө башчысы.

Ал ошондой эле Кыргызстан келечекте суу талашпай, кыштын күнү пайдасыз агып жаткан сууларды үнөмдөп алуу максатын көздөп жатканын билдирди.

Ал мисал катары «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушун келтирди. Перзидент бул ГЭСтен суунун пайдасы кошуналарга тиерин белгиледи. Ал эми Кыргызстанга электр энергиясы гана пайда. Өлкө Нарын суусунун 1 пайызын гана сугатка же ичүүчү суу катары колдонот. 99 пайызы Өзбекстан менен Казакстанга агып кирип кетет.

«Эгер «Камбар-Ата-1» ГЭСи бүтсө, аны кыштын күнү электр энергия алыш үчүн иштетип, Токтогул ГЭСине чогулган сууну сугат мезгилинде кошуналарга жетишерлик көлөмдө берип турсак болот. Азыр биз кыштын күнү Токтогул ГЭСин электр энергиясын алыш үчүн иштетебиз дагы, жайдын күнү жабышка туура келип жатат. Себеби суу топтобосок, кийинки кышта өзүбүз электр энергиясыз калабыз», — деди ал.

«Мына ушундай проблемаларды чечиш үчүн иш алып баруудабыз. Биз өзүбүздү эле эмес, кошуналарды дагы ойлоп иш кылып жатабыз. Түбөлүк кошуна болгондон кийин түпкүлүгүн да ойлошубуз керек. Анан «биз суу башында турабыз, суу бербейбиз» деген акылга сыйбаган иш. Баарыбыз бир тууган элбиз, түбөлүк кошунабыз, бири-бирибизге көп нерселерден көз карандыбыз. Эми анын баарын атап олтурбайын, эл өзү жакшы билет», — деп жыйынтыктады президент.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости