www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайнак Үсөн уулу, эшекти эмес, КТРКны караңыз?!

Бабановго кошулуп, Сооронбай Шариповичке «суу куюп» жаткан Жайнак Үсөн уулу, бүгүн  Сооронбай Шариповичке кошулуп кимдерге «суу куюп» жатты экен? Орус теле берүүсү торопойду көрсөтүп, жүрүп элди ээликтирди эле, Жайнак Үсөн уулу  орустарды туурап, кайдан тапканы белгисиз кыргыздын символу сыяктуу эшектин баласын бала-бакырага кайра-кайра көрсөтүп тажатып бүтүрдү. Мейли торопой орустардын символу болсун, эшектин баласынын кыргыз элине тийиштиги жок. Кыргыз элин жээрип турган сарт-калмактын тукумдары такайды символ кылып аралаштырбаса, эшекке кыргыздын кайнаса каны кошулбайт. Ошондуктан, балдарыбыздын башын айлантпай эшектин баласын КТРКдан алып салууга убакыт жетти.

  Жайнак Үсөн уулу  КТРКга келгенине “майлай турган убак” ѳтүп кетти. Эми Жайнак Үсөн уулу улам-улам эле “ким майлап келет” деп, “камок” жакты жал-жал карай бербей, иштей турган убагы келди. Чындыгы ал Өмүрбек Бабановдун НТС каналын жетектеп кыйратып деле жиберген жок. Эми КТРКны жетектеп эшектерди рекламалай баштаганы бобосо кошоматтан өйдө жыла элек. Арийне, кыргыз өкмөтү  менен орус өкмөтүнүн 1996-жылдын 28-марттагы келишиминин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылынын 29-январдагы Указынын  негизинде орусиялык 1-телеканалды Кыргызстанга таркатыш үчүн жылына  бюджеттен 10 миллион сом каралган. Бирок, факты жүзүндө  орусиялык 1- каналдын сигналдарын таратканга КТРКнын экс- башчыларынын колу менен  2010 жылы - 42 млн. 214 974 сом, 2011 жылы - 50 млн. 760 237 сом,  2013 жылы - 50 млн. 167 196 сом. Ошентип баардыгы болуп үч жылда 143 миллион 142 407 сом  которулган. Демек, 113 миллион  142407 сом ашыкча которулган. Бул сумма кийинки мезгилдерде алоолонуп көбөйүп Жайнак Үсөн уулу  чайнак капчыгын кампыйтканга жарап турат.

Эмне үчүн торопойду туурап такайды көрсөтүп жаткан Жайнак Үсөн уулу  жетектеген КТРК жетекчилиги орустарга мынчалык жан тартат деген суроо туулат. Жообу абдан жөнөкөй. Жайнак Үсөн уулу   орустардын 1-каналы менен биргелешкен  "ОСОО 1-канал" деген фирма түзүшкөн. Канчалык орусиялык 1-канал көп реклама берсе алардын "ОСОО 1-каналына" ошончолук көп акча түшүп турат. Демек, Жайнак Үсөн уулу   орусиялык 1-каналдын сеткасын Кыргызстанда көбөйткөнгө ынтызар болуп турган убагы. 
Ошентип  акыркы жылдары КТРК жетекчилери бюджетке 113 миллион 142 миң 407 сом зыян  келтирген болсо, Жайнак Үсөн уулу  келе элек жатып буларды ашып өтөм деп чамынып туру. Негедир биздин коррупция менен аёосуз күрөшөбүз дегендер Жайнак Үсөн уулу  дегенде ооздоруна талкан сугунуп алгансып үн катышпай калышат. Жайнак Үсөн уулу дегенде оңкосунан кетишчүлөр Манас бабабызды ачык муунтканга өтүшкөн. КТРК жетекчиси Жайнак Үсөн уулу  Манастын ачык душманы экени элге белгилүү, анан кантип Орусиядан келип жаткан акчаларга тоскоол болсун.
Себеби ушул акчалар менен санарипке өтпөдүкпү. Арийне, кечээ Бабановго кошулуп, Сооронбай Шариповичке «суу куюп» жаткан Жайнак Үсөн уулу, бүгүн  Сооронбай Шариповичке кошулуп кимдерге «суу куюп» жатты экен?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости