www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдүн Жайыл райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн жетекчилигине Рамис Ибраимов дайындалды. Маалым болгондой, бул адам  мурда 300 доллар пара алып жаткан жеринен милиция кызматкерлеринин колуна түшкөн. Анда Ибраимов Москва райондук мамкаттоо бөлүмүн жетектеп турган. Бул кылмыш иши азыркы күнгө чейин сотто териштирилип жатат. Мамлекеттик айыптоо тарап Рамис Ибраимовдун коррупциялык кылмышка тиешеси бар экенин тастыктаган бардык далилдер жетиштүү деп билдирген. Ошентсе дагы, өкмөттүн алдындагы мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги Рамис Ибраимовду жумуштан четтетүүнүн ордуна, аны жаңы жетекчилик кызматка дайындаган. Муну өкмөттүн айрым мүчөлөрү тарабынан Президенттин коррупция менен күрөшүү аракетине бут тосуу катары бааласа болот.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости