www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы жана куудул Жакут Сыдыков акыркы жылдары чыгармачылыгына кызуу киришкени менен ишинин ийгилигин көрө албай жүрөт. Бир нече ырды катар-катары менен чыгарып, клиптерди тартканынан да майнап чыкпады. Казактардын “Аллосун” жаздырып, аны да хит кыла албады... Элге ырларын жеткирүүгө көпүрө болгон радио станциялар ырчы мырзанын ырларын алынбай, кетпей жатат. Жакында эле Москва шаарына жеке концерти менен ырчы кыз Наргиза Айтемирова экөө барып, ал жактан да көп көлөмдө эл чогултпаптыр. Мунун баары эмне себептен болуп жатканын Жакут мырза түшүнөт болду бекен? Эмнеси болсо да тынымсыз эмгектенип жүргөн ырчы мырзанын ити бир күнү болбосо, башка күнү чөп жеп калаар деп гана айткыбыз келет.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости