www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 18 мартта, Бишкекте «Сөз эркиндиги маршы» уюштурулган, ал иш-чарага жарандык коомдун өкүлдөрү, журналисттер, саясатчылар жана Жогорку Кеңештин Ата-Мекен, КСДП фракцияларын депутаттары Каныбек Иманалиев, Аида Салянова, Наталья Никитенко, Жанар Акаевдер катышкан.

Марштын маршруту шаардын «түштүк дарбазаларынан» баштап Уркуя Салиева атындагы скверде аяктамак (Чүй/Совет көчөлөрү). Марштын катышуучулары, милиция кызматкерлери жол менен басканга тыюу салгандан кийин аргасыз тротуар менен Киев/Совет көчөлөрүнүн кесилишине чейин басып келишкен, ошол жерден, катышуучулар жолдун аркы бетине өтүп бара жаткан учурунда милиция кызматкерлери марштын күжүрмөн катышуучуларын Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырзаны милиция автобусуна салып, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБе себепсиз, негизсиз алып кетишти.

Марштын уюштуруучусу коомдук ишмер Эдиль Байсалов болгон, алдыга чыккан мекенчил жаштар камалууда, уюштуруучулар кыйкырып четте тураберишеби? 

Толукталды: Мавлян Аскарбеков жана Айбек Мырза Свердлов районунун судьясы Чотонов тарабынан 5 суткага камалды.

Булак: "iskra.kg"

Последние новости