www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстан башчысы Рамзан Кадыров Украина президенти Владимир Зеленскийдин Россияга он жылдап каршы туруу боюнча айтканына жооп кылды. Бул тууралуу аудиожазуу Чеченстан лидеринин Telegram-каналына коюлган.

Ал Украина башчысы үчүн баары жакында бүтөрүн айткан.

"Зеленскийдин он жылдап кармашууга даяр экендигин айтканын окуп калдым... (Ортодо тилдеген бир топ сөз менен кайрылган – ред.) Бизде анчалык көп убакыт жок, жакында сенин ишиңди бүтүрөбүз", — деген күлкү аралаш Кадыров.

Өткөн дем алыш күндөрү CNN телеканалына берген маектеринин биринде Зеленский "өзүнө тиешелүү нерселерди алыш үчүн Россия менен он жылдап кармашуусу" мүмкүндүгүн айткан. Ал Батышка бере турган куралын "эки-үч айда эмес, бүгүн-эртеңден" жиберип, тездетүүгө чакырык жасаган.

Кадыров Зеленскийге кайрылган сөздөрүндө, кыязы, АКШ президенти Жозеф Байдендин өткөн аптада Түндүк Каролинадагы ыңгайсыз абалда калган учурун эске салган. Ал сүйлөп бүтүп, кол алыш үчүн колун сунган тарапта эч ким жок болуп калган. Кызыктай абалда калган президент трибунадан бир аз оолактап, ошол учурда сахнадан түшүп кетиш үчүн жол издеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости