www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мектепте баланы 12 жыл окуткандын ордуна, окутуунун сапатын жогорулатуу керек», - деди бүгүн, 18-апрелде, NazarNews маалымат агенттигине мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов.

- Окуучулар 12 жыл окуйт деген демилге көтөрүлгөндөн бери коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Сиз бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?

- Мектепте баланы 12 жыл окуткандын ордуна, окутуунун сапатын жогорулатуу керек. Мектеп сапаттуу билим бербесе, 10 жыл дагы окуучуга көп болуп калат. Ошондуктан, 12 жыл мектепте окутуу, өспүрүм балдары, өз курбуларынан артта калууга шарт түзөт.

Эске салсак, буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги мектептерди 12 жылдык окууга өткөрүүнү сунуштады.

Президент Садыр Жапаров быйыл Билим берүү министрлигине 16 млрд. сомдон ашык кошумча каражат бөлүнгөнүн, бардык категориядагы мугалимдердин айлыгы кеминде 50% көтөрүлөрүн айткан.

Кыргызстанда эки жарым миллиондой окуучу менен студент бар. Агартуучулардын саны 186 миңден ашат. Өлкө боюнча 345 авариялык абалдагы орто мектеп иштеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости