www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептердин жаңы окуу жылына карата даярдыктарынын абалы текшерилүүдө. Ага калаа мэриясынан атайын комиссиялык топ түзүлүп, билим берүүчү мекемелердин имараттарынын сапаттуу актап-сырдалуусу, айлана-чөйрөсүн санитардык талаптарга ылайык иреттелүүсү кароого алынууда.

Текшерүүнүн жүрүшүндө калаадагы көпчүлүк мектептер жаңы окуу жылына дээрлик даяр экени маалым болду. Айрым мектептердин сырткы тазалыгы талапка жооп бербегендиктен, өз мөөнөтүндө бүткөрүү тапшырмасы берилди. Бул жылы мектептердин утурумдук ремонттоо иштерине Республикалык бюджеттен 1 миллион 600 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Мындан тышкары 7 мектепти капиталдык ремонттоосуна жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп, азыркы учурда жумуш иштери аягына чыгуу алдында.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында жалпы 20 мектеп бар. Быйылкы жылы аларга 2 миңден ашуун окуучуну 1 - класска кабыл алынуу күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости