www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда “Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев коронавирус жугузуп алыптыр”  деген маалымат тараган. Бул кабарды шаардык мэриянын басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка ылайык, мэрден COVID-19 17-июнда аныкталган. 18-июнда мэриянын бардык кызматкерлери илдетке карата анализ тапшырып, азыр жыйынтыгын күтүп жатышат.

Ал эми ушул тапта мэрияда иш ыргагы токтогон жок жана кандай тартип колдонулары кырдаалга жараша чечилет.

Эске сала кетсек, Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 19-июнга карата берген маалыматы боюнча,  акыркы суткада дагы 132 адамдан илдеттин жаңы учуру катталып, рекорддук көрсөткүчтү түздү.

Натыйжада 19-июнга карата жалпы коронавирус жуктургандардын саны Кыргызстанда 2789 адамга жетти. Акыркы суткада Бишкекте вирус жуктуруп алган 67 жаштагы эркек киши каза тапты. Ушуну менен илдеттен көз жумгандардын саны жалпы 32ни түздү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости