www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликтин бир учун чымчып турган Мадумаров “жети өлчөп, бир кеспей” кээде ойлонбой онтолоңдоп койчу болду. Жакында Өзбекстандык тажиктер менен кыргыздар талашып жаткан Чечмедеги булакты Өзбекстандын жери деп калптын барын ышкыртып койду. Кадамжай районундагы «Кадастр» жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү, адис Абубакир Миталипов жер жөнүндөгү документтерге таянуу менен булак Кыргызстандын аймагында орун алганын айтып жатат. Кыргыздын булагын эмнеге Мадумаров өзбектерге таңуулап жатат? Бул булактан анча алыс эмес 100 метрдей нары жакта тажиктердин үйлөрү орун алган. Булак толугу менен Чечме айылына суу берет, жарымы тажиктерге кетет. Өзбекстандын аймагындагы Сохто жалаң тажиктер жашайт. Эмне булак тажиктерге жакын болсо эле Өзбекстандын аймагы болуп калабы?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости