www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облустук милициясы 35 млн сомдон ашуун акчаны алдап кеткен жаранды кармады. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 6-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарынын 29 жаштагы тургуну Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2022-жылдын июнь айында  Ноокен районунун 22 жаштагы Р.С. аттуу тургуну, Россия Федерациясынан жыгач алып келип берем деп 35 158 000 сом акчасын алып, ушул күнгө чейин качып жүргөндүгүн билдирген.

Бул окуя Жалал-Абад ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү ресстрине  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн  ыкчам-иликтөө  иштеринин натыйжасында  кылмыш ишине шектүү катары Ноокен районунун тургуну 2001-ж.т. Р.С. Өзбекстан Республикасынан кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эгерде кылмыш ишине шектелген жарандан жабыр тарткандар болсо Жалал-Абад ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө же 0772 70 90 00 номерине кайрылсаӊыздар болот.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости