www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Португалиянын президенти өлкө парламентин таркатты

Португалияда коррупциялык ишке байланыштуу премьер-министр Антониу Кошта кызматтан кеткенден кийин өлкөнүн парламенти таркады. Мындай чечимди президент Марселу Ребелу де Соуза партия лидерлери жана Мамлекеттик кеңеш менен акылдашкандан кийин кабыл алганын билдирди.

Жаңы шайлоо кийинки жылы 10-мартта өтөт деп күтүлүүдө. Ага чейин Кошта премьер-министрдин милдеттерин убактылуу аткарып турмай болду.

7-ноябрда Португалияда коррупция ишине байланыштуу беш кишинин, анын ичинде Коштанын администрация башчысынын үйүндө тинтүү жүрүп, баары тең камакка алынган. Кылмыш иши өлкөдө литий кенин иштетүү жана "жашыл суутек" өндүрүү үчүн завод куруу долбоорлоруна байланыштуу козголгон. Прокуратуранын маалыматына караганда, шектүүлөр өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө "өлкө премьер-министринин ысымын пайдаланышкан".

Кошта ошол эле күнү бул иште күнөөсү жок экенин айтып, бирок анын кызмат орду тергөө иштери менен булганбашы керек экенин айткан.

Антониу Кошта Португалиянын премьер-министри кызматында 2015-жылдан бери иштеп келген. 2022-жылы өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгында анын Социалисттик партиясы парламентте кайрадан көпчүлүк мандатка ээ болуп, Кошта башка партиялардын катышуусусуз эле өкмөттү түзүүгө мүмкүндүк алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости