www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаарындагы 10 өнөр жай ишканасы шаардын жалпы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн артка тартып жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аткаруу комитетинин 9 айдын жыйынтыгын караган жыйынында шаардын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков айтып чыкты.
Алынган маалыматка караганда, шаардагы приоритеттүү тармак болуп эсептелген ѳнѳр жай тармагында 9 айдын ичинде 2 миллиард 565,3 миллион сомдук өнөр-жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 178,1 пайызды түзгөн.
Шаардын өнөр-жай продукциясынын көлөмүнүн өсүшүнө шаардагы 17 өнөр жай ишканасын жакшы салым кошуп, алар тарабынан 430,7 миллион сомдук продукция көп өндүрүлгөн, болбосо шаар боюнча өндүрүлгөн продукциянын 16,8 пайызын камсыз кылышкан.
Бирок, объективдүү жана субъективдүү себептерге байланыштуу шаарда жайгашкан 10 өнөр жай ишканасы2017-жылдын 9 айына салыштырмалуу быйыл 343,6 миллион сомдук продукцияны аз өндүрүп, шаарды13,4 пайыз артка тартышты. Алардын катарында “Жалал-Абад нефтини кайра иштетүүчү завод” жоопкерчилиги чектелген коому (197,4 миллион сомдук), “Нур” ачык акционердик коому (8,7 миллион сомдук), “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун “Жалалабадгаз” филиалы (8,6 миллион сомдук), “Элдик” мамлекеттик ишканасы (5,6 миллион сомдук), “Мата” акционердик коому (1,2 миллион сомдук), “ЮКиМ” жоопкерчилиги чектелген коому (0,7 миллион сомдук) жана “Алманбет” жоопкерчилиги чектелген коому (0,5 миллион сомдук) продукцияны кем өндүрүшкөн.
Булак: NazarNews.kg